Бронетранспортёр — брондолгон, ылдам жүрүүчү чынжыр тамандуу (гусеницалуу) же дөңгөлөктүү аскер машинасы. Бронетранспортёр мотоаткычтар аскерин, ар түрдүү согуш жүктөрүн жана куралдарын ташууда пайдаланылат. Анын корпусу бактериологиялык жана химиялык куралдардан, радиациялык жапа чегүүдөн коргонууга ылайыкталган. Бронетранспортёрдун авиатранспортко жүктөөгө ыңгайлуу жана сууда сүзүүчү түрлөрү бар. Чынжыр тамандуу бронетранспортёрдун эң жогорку ылдамдыгы 70 км/c; дөңгөлөктүүсүнүкү 90–100 км/ска жетет.

Булактар

түзөтүү