Бронхоэктаз оорусу (бронха жана гр. ektasis - кеңейүү) - бронхалардын кеңейип кетиши мүнөздүү болгон дем алуу органдарынын оорусу.

Бронхоэктаз оорусу тубаса жана оорулардан кийин (өнкөнүн жана бронханын өнөкөт оорулары, кургак учук ж. б. ) пайда болот. Бронхалар өнөкөт сезгенгенде, анын былжырак жана булчуңдуу кабыкчасы өзгөрөт, чоюлгуч ткань бириктирүүчү тканга айланат. Бронхоэктаз оорусу цилиндр, баштыкча ж. б. түрүндө болот. Бронхоэктаз оорусу менен ооруган адам катуу жөтөлүп, суюк, ириңдүү какырык чыгарат. Кээде кан түкүрүшү ыктымал. Оорулуунун абалы начарлап, деми кысылып, алы кетет. Бронхоэктаз оорусунун жүрүшү жылдап созулат, көпчүлүк учурда тез-тез кайталайт. Бронхоэктаз оорусу кабылдап кетсе, ички органдардын амилоидозуна жана сезгенишине алып келет. Дарылоо оорунун жүрүшүнө жараша жүргүзүлөт. Кээ бир учурда операция жасалат. Бронхоэктаз оорусунун алдын алууда инфекция менен күрөш жүргүзүү (өпкөнүн, бронхалардын сезгени-шин), денени чыңдоо, гигиеналык эрежелерди сактоо талап кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.