Брудный Арон – жазуучу. Фрунзе шаарында 1932-жылы 13-январда туулган.

1948-жылы №6 орто мектепти аяктап, 1949–1951-жж. Ленинградда окуп, бирок 1948-1953-жж. Фрунзе шаарынан Кыргыз мамлекеттик медицина институтунан жана 1951-1954-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинен билим алган.

1974-жылы философия илимдеринин доктору, профессор болгон. 40 жыл Илимдер академиясында, кийин Славян университетинде психологиядан лекция окуп, 1998-жылы Америка университетинде Психология лабораториясын жетектеген. Көптөгөн илимий макалаларды жарыялап, илим тармагында Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

1988-жылы Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 2002-жылы Россия Табигый илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, ошондой эле 2000-жылы Калифорния Билим берүү академиясынын мүчөсү жана 1997-жылы педагогикалык жана социалдык илимдердин академиясынын мүчөсү болуп шайланган.

Алгачкы көркөм чыгармасы ХХ кылымдын 40-жылдарына таандык, бирок кеч басыла баштаган. Бир катар новеллалардын, киносценарийлердин (алардын бири боюнча Швейцарияда “Зеркало Теней” фильми тартылган) жана пьесалардын (“Спиритический сеанс” Москвада коюлган) автору. «Невидаль», «П., которого нет живых», «Китаянка», «Больной», «А по утру она вновь улыбалась…» ж.б. чыгармалары «Апокриф» журналына, «Чабыт» альманахына ж.б. басылмаларга жарыяланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Орус тилинде түзөтүү

Наука понимать: Научно-литературная монография. - Б.: Фонд-Сорос, 1989. - 480 с.

Пространство возможностей: Научно-литературная монография. - Б.: Фонд-Сорос, 2001. - 505 с.

Персонетика: Научно-литературная монография. - М.: Лабиринт, 2003. - 183 с.


Колдонулган адабияттар түзөтүү