Бруснев тобу - Орусиядагы алгачкы социал-демократтар уюмдардын бири. 1889-ж. Петербургда революциячыл студент жаштар менен алдыңкы жумушчулардын биригүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Бруснев тобу жумушчулар арасында марксизмди пропагандалоо, жумушчу кыймылынын жетекчилерин даярдоо максатын көздөгөн. "Эмгекти эркиндикке чыгаруу" тобунун программасын жетекчиликке алып, падышачылыкты жана буржуазияны жеңип чыгуу үчүн өз алдынча жумушчу партиясын түзүү, эркиндик үчүн күрөштө пролетариат роль ойноорун дыйкандарга түшүндүрүү зарыл деп эсептеген. Топ жумушчу кыймылы менен биригүүгө умтулган.

1890-91-ж. кышында топтун мүчөлөрү стачкага катышкан. Бруснев тобу Россиядагы маркстик топторду бир уюмга бириктирүү үчүн Москвадагы, Нижний Новгороддогу, Киевдеги, Казандагы революциялык кружоктор менен байланыш түзгөн. 1892-ж. 22-апрелде Бруснев тобунун жетекчилери жана айрым мүчөлөрү Москвада камакка алынып, камалбай калгандары Петербургда "Жумушчулар табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзуна" кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.