Брюгге (фламандча Brugge, французча Bruges) – Бельгиянын Түндүк-батышындагы шаар. Францияда, Батыш Фландрия провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 116,6 миң (2006). Деңиз порту. Зебрюгге аванпорту (2004-ж. 32 млн тонна жүк ташылган) Түндүк деңизи менен канал аркылуу байланышат. Брюгге Остенде, Брюгге Гент каналдарындагы кеме жол тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет.10-кылымдан шаар. 1093-жылдан Фландрия графтыгынын борбору. 12–15-кылымдарда европалык кол өнөрчүлүктүн (нооту токуу) маанилүү борбору жана 1200-жылдан Эл аралык соода ярмаркалары болот. 15-кылымда Европадагы эң ири деңиз портуна айланган. Шаарда орто кылымдын архитектуралык өзгөчөлүгү болгон энсиз үйлөр, чиркөө, мунаралар жана кооз каналдар тармагы (80ге жакын, үйлөрдүн дубалдары каналдардын жээгинен көтөрүлгөн) көпүрөлөрү менен сакталган. Шаардын эски бөлүгүнүн борборунда аянттар, ратуша, базилика, соборлор, анда «Мадонна ымыркай бала менен» скульптурасы, Микеланжело, 1503–05, Мария Бургундская менен Карл Смелыйдын коло күмбөзү, 16-кылым), Иерусалим (1428), Ыйык Вальпургия чиркөөлөрү жана башка бар. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жогорку католик мектеби (1994), музейлер, фландриялык акын Гвидо Гезелленин үй музейи, театрлар иштейт. 1964-жылдан жыл сайын жайында көөнө музыка фестивалы өткөрүлөт. Аз тонналуу кемелерди куруу жана ремонттоочу, металл иштетүүчү, машина куруу, химиялык, текстиль, тигүү, тамак-аш (анын ичинде балык консервалары) өнөр жайы бар. Европадагы алмазга кыр чыгаруунун байыркы борборлорунун бири (бриллиант музейи бар). Салт болуп калган тор токуп сатуу, туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү