Бугу таштары
Бугу таштары – кеч коло доорунан эрте темир доорунун башына таандык узун таш мамыларынын бетине бугу келбеттери чегилген таштар. Алар Моңголияда, Тувада, Алтайда, Казакстанда, Уралда, Түндүк Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеңири тараган.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c5/Deer_stones.jpg/220px-Deer_stones.jpg)
Моңголия жана Түштүк Сибирде кездешкен таш мамыларында тегерек шакекче-күн, борбор бөлүгүндө бугу жана туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кыргызстандын да айрым жерлеринен (Ысык-Көл, Чүй, Соң-Көл) таш мамылар кездешет. Бирок аларда бугунун сүрөттөрү тартылган эмес.
Колдонулган адабият
түзөтүү- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.