Бугу чарбасы – Четки Түндүктүн мал чарба тармагы. Мында Түндүк жана панттык (мүйүзүнөн пант алынуучу) бугулар багылат. Түндүк бугу чарбасы бакма Түндүк бугуларын багып көбөйтөт. Азия жана Европанын Түндүк кеңдиктеринде (Чукча жарым аралынан Скандинавияга чейин) өнүккөн. Түндүк бугу чарбасынын качан жана кайсы жерде пайда болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Бугу илгертен эле түрдүүчө пайдаланылган. Сибирдин тундра зонасындагы эл бугуну негизинен эт, тери алуу үчүн, тайгадагы эл унаа катары асыраган. Бугу эти сиңимдүүлүгү жана даамдуулугу жагынан уй этинен калышпайт; териси булгаары жана мех өнөр жайынын баалуу сырьёсу. Андан сапаттуу күдөрү, чылгый кайыш, хром жана башка даярдалат, жылуу кийим жана бут кийим тигилет, тери чатыр, көчмө үйлөр жасалат. Бугу, ошондой эле унаа (чанага чегүү, жүк ташуу, минги) катары түндүктө кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү