Будённовка чопо кени Талас районунда, Талас шаарынан 30 км чыгыш тарапта, Талас д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 1754–1936 м бийиктикте жайгашкан. 1981–82-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындап, запасын эсептеген. Кен аймагын кашат тектирлерин түзүп жаткан антропоген мезгилинин аллювий чөгүндүсү түзөт. Кумайлуу топурак катмары Талас суусун бойлой жайгашып, узундугу 1,8 км, калыңдыгы 100–150 м. Кумайлуу топурак боз, бозомтук түстө. “100” маркасындагы кирпич алууга жарактуу. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 3782 миң м3. Кен казылып, Талас кирпич з-дунда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү