Букара [арабча. Фукара – факир (бакыр, жарды, кедей) деген сөздүн көптүк санда айтылышы] – Октябрь революциясына чейин Орто Азия жана Казакстан элдеринде бир нече мааниде колдонулуп келген сөз. Асыресе кыргызда ал мындай түшүнүктөрдү туюндурган: 1) бир мамлекетке же уруулук бирикмеге, ошондой эле бийлик ээсине (бекке, болушка, бай-манапка, ханга, падышага) караштуу калктын, уруу-уруктун, адамдардын жана жеке кишинин жалпы жонунан аталышы. Бул маанидеги «букара» орусча «подданный» дегенге кээде, «вассал» дегенге жакын турган; 2) патриархалдык-феодалдык кыргыз коомунда бир чоң уруунун арасына кошулуп, ошол урууга (уруу башчысына) саясий-экономикалык жактан багынычтуу абалдагы бөтөн уруктун же уруу бутагынын өкүлдөрүн да букара деп айтышкан; 3) кара күчү менен күн көргөн карапайым кишилерди, айрыкча кедей-кембагалдар менен жарды-жалчыларды букара. же кара букара деп аташкан. Бирок 19-кылымдын 2жарымы 20-кылымдын башында кыргыз коомунда патриархалдык-феодалдык мамилелердин ыдырашына, таптык жиктелүүнүн тереңдешине байланыштуу «букара» дегендин мааниси бир кыйла кеңейип, өзүнчө социалдык институтту туюндурган терминге айлана баштаган. Ушул маанидеги букара социалдык катмар, башкача айтканда материалдык байлыктарды өндүргөн, бирок саясий жана экономикалык жактан бай-манаптарга көз каранды абалда турган көпчүлүк эмгекчи эл. Демек, кыргыз элинин революцияга чейинки коомдук аң-сезиминде «букара» деген сөз аркылуу коомдо карапайым калктын өзүнчө социалдык катмар катары айырмаланышы белгиленген; 4) Октябрь революциясынан кийин «Б.» сөзү белгилүү даражада саясий маани алып, жалпы эле кедей-кембагалдарга карата айтылган. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында «букара.» деген пролетариат маанисинде да пайдаланылган. Азыр ал тарыхый сөз болуп калды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү