Букачар топ жылдызы – аймагы Эгиз, Персей, Кой, Орион жана Эридан топ жылдыздары менен курчалган.

Ал топ жылдыздын башкы жылдызы кызгылт сары түстөгү Альдебарандын айланасында коюу жайгашкан жылдыздардын топтошуулары Гиаддар (Үркөр) орун алган. Альдебаран жылдызын 200дөн ашуун жылдыз курчап, алардын өздүк кыймылы асман мейкиндигинде бир чекитке (Бетельгейзе жылдызына) багытталган. Букачар топ жылдызында Күнгө окшогон көптөгөн жылдыздар орун алып, алар Кызыл Гиганттар. Астрономиялык так эсептөөлөрдүн негизинде Гиаддар мындан 80000 жыл илгери Күндү эки эсеге жакын аралыкта жандап өтүп, 65 миллион жылдан кийин бизден алыстаган. Өлчөмү Айдын өлчөмүнөн кичине, бар болгону 12 жылдыз чоңдугундай гана болуп көрүнөт.

Букачар топ жылдызынан Крабсымал тумандуулук орун алып, анын координаты Кытай астрономдору ачкан 1054 жылдагы өтө жаңы жылдызга туура келген. Крабсымал тумандуулуктан өтө күчтүү радио жана рентген нурлануулары байкалып, 1967-ж. ачылган Пульсарлардын себепкери болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү