Букеттөө - өсүмдүктү суюлтууда колдонулуучу агротехникалык ыкма.

Букеттөө культиватор менен жүргүзүлөт. Мында культиватор айдоонун туурасынан өткөндө, кескичи өсүмдүктүн бир тобун кыркып, өсүмдүктү белгилүү санда калтырат. Андан кийин малаланат, айрым учурда кол менен суюлтулат. Ар букетте (өсүмдүктүн түрүнө жараша) 8ге чейин өсүмдүк калат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.