Буккроссинг (англ. BookCrossing) – англисчеден «Китептердин алмашуусу» деп которулат. Кимде-ким бир китепти окуп бүтсө, аны «бошотуп», башка адамдар үчүн коомдук жайга (сейил бак, кафе, поезд жана башка) калтырып коёт. Буккроссинг коомдук кыймыл же хобби катары кабыл алынып, флешмоб сыяктуу. Китептердин «саякатын» тиешелүү социалдык баракчалардан да издесе болот. Аталган кыймылды интернет-технология адиси Рон Хорнбекер 2001-жылы негиздеп, жарым жыл ичинде эле 300 миңдей колдонуучуну чогулткан. Учурда 1,5 миллион колдонуучу буккроссингдин сайтына 13 миллиондон ашык китеп каттаткан.

Шилтемелер түзөтүү