Буклет
Буклет (англисче boоklet – сөзмө-сөз китепче) – басмаканада басылып, чакан дептерче түрүндө бүктөлгөн бир барак текст. Ал кыскача жол көрсөткүч, проспект, шаар картасы, музей, эстеликтер, жогорку окуу жайлар, тарыхый жайлар жөнүндөгү сүрөттөр, схемалар жана башкалар менен кошо чыгарылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4