Булак код — компүтер нускамаларынын кандайдыр бир жыйындысы. Ал адам окуй ала турган программалоо тилинде жазылган комментарийлер менен болушу ыктымал, адатта кадимки эле текст сыяктуу болот. Программанын булак коду компүтердик програмчылардын жумушуна көмөк көрсөтүш үчүн атайын жасалган. Програмчылар компүтер тарабынан аткарылган иш-аракеттерди көбүнчө коддун булагын жазуу менен аныкташат. Булак код болсо адатта ассемблер же компилятор тарабынан компүтер тарабынан түшүнүктүү болгон бинардык машина кодуна трансформацияланат. Машина коду кийинчерээк ишке киргизиш үчүн сакталышы мүмкүн. Же болбосо булак коду интерпретацияланып, анан дароо эле ишке ашырылышы мүмкүн.

Көпчүлүк колдонмолордун программалык камсыздоосу ишке ашыруучу файлдарды гана камтыган түрдө бөлүштүрүлөт. Эгерде булак коду камтылган болсо, ал колдонуучу, программист же системалык администратор үчүн пайдалуу болуп, алардын ар бири проргамманы изилдөө же өзгөртүүнү каалашы мүмкүн.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү