Була өсүмдүктөрү – була алуу максатында өстүрүлүүчү бир же көп жылдык өсүмдүктөр. Аларга зыгыр, кара куурай, кенеп, жут, кендир, кротолярия, сесбания, агава, банан жана башкалар кирет. Була өсүмдүктөрүнүн уругунда азыктык жана техникалык май бар. Күнжарасы малга тоют. Алардан ар түрдүү кездеме, аркан, жип, балык уулоо шайманы, таар, килем жана башка жасалат. Саманынан кагаз, курулуш, жылуулук өткөрбөөчү материалдар даярдалып, отун катары да колдонулат. Кара куурай бакчылыкта кооздук үчүн да айдалат. Россия, Украина, Беларуссия, Өзбекстан, Түркмөнстанда негизинен зыгыр, кара куурай, кенеп өстүрүлөт. Анын 40ка жакын сорту бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү