Булгануу, чөйрөнүн булганышы – кандайдыр бир чөйрөгө башка бир нерсенин кошулуп кетиши же ал чөйрөдө жаңы, адатта ага жат физ., хим. же биол. агенттердин пайда болушу же ал чөйрөдөгү агенттердин концентрациясынын көп жылдык табигый деңгээлинен ашып кетиши; б) жакында байкалган нормадан физ., хим. же биол.агенттердин санынын көбөйүшү (мис., жамгырдан кийин дарыя суусунун киргилдениши).

Аймакты камтышы б-ча – глобалдуу, региондук ж-а локалдуу булгануу болуп бөлүнөт. Чөйрөнүн булгануусу табигый себептерге (табигый булгануу) ж-а адам баласынын иш аракеттерине (антропогендик булгануу) байланыштуу пайда болот. Табигый булгануу – кандайдыр бир табигый, адатта катастрофалык себептерге (жанар тоонун атылышы, сел жүрүү ж. б.) байланыштуу пайда болот. Кээде адамдын жаратылышка кыйыр таасиринен да жаралат. Ал эми антропогендик булгануу – адамзаттын биол. жашоосунан ж-а алардын чарбалык аракеттеринен пайда б олот. Атмосферанын булгануусу – атмосферада, абанын составында жат катуу, суюк ж-а газ түрүндөгү (кээде зыяндуу) бөлүкчөлөрдүн (чаң, түтүн, кислота тамчылары, автомашиналардан чыккан газдар, түрдүү өндүрүштүк газдардын молекулярдык комплекси ж. б.) болушу. Атмосферанын зыяндуу аралашмалары өнөр жайлуу айрым райондордо өзгөчө көп топтолот. Көлмөлөрдүн булгануусу – дарыя, көл, деңиздердин табигый таза суусуна жат болгон башка заттардын (мис., микроорганизмдер, химикат-тар, таштанды суулар, майнаптар ж. б.) кошулуп кетүүсү. Натыйжада ал суулар белгиленген максатка пайдаланууга жарабай калат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2