Булганыч сууларды тазалоо

Булганыч сууларды тазалоо – адамдын чарба турмуш-тиричилик же өндүрүш иштеринен булганган жана калк жашаган жерден, өнөр жай ишканаларынан чыккан сууларды зыянсыздандыруу. Булганыч суулар адам ден соолугуна коркунучтуу; алар аркылуу ичеги-карын жугуштуу оорулары таралат. Булганган суу кайра зыянсыз абалга келтирилип, аккан сууга, көлмөлөргө кошуу же айдоолорго пайдалануу үчүн тазаланат. Суунун булганычтыгына жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Булганыч сууларды бөлүү, кайра иштетүү жана тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиол. жактан коргоо, суу менен камсыз кылуу булагы катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Булганыч сууларды тазалоодо табигый жана жасалма жолдор пайдаланылат. Табигый ыкмага тундуруу же биологиялык көлмөлөр, коммуналык чыпкалоо, сугат талаалары кирет. Жасалма ыкмада түрдүү сантехникалык каражаттар (торчолор, кум тоскучтар), тундурма бассейндер, биочыпкалар, аэрочыпкалар, ошондой эле хлор, озон, ультра-кызгылт көк нурларды таасир этүү менен тазаланат. Практикада сууну хлорлоо жолу кеңири таралган. Хлордун өлчөмү суунун сапатына жана суу өткөргүчтүн өзгөчөлүгүнө жараша болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү