Булчуң тканы (лат. textus muscularis) — жаныбар жана киши организминдеги жыйрылууга жөндөмдүү ткандар. Булчуң тканы жылмакай жана туура ала булчуң болуп бөлүнөт. Ал эми туура ала булчуң скелет жана жүрөк булчуң тканына айырмаланат.

Булчуң ткандарынын касиеттери түзөтүү

  • Козголгучтук
  • Өткөрүчү
  • Жыйрылуу
  • Өзгөрмөлүк

Булчуң ткандарынын түрлөрү түзөтүү

Жылмакай булчуң тканы ички органдардын жана кан тамырлардын керегесинин булчуңдуу катмарын түзөт. Жылмакай булчуң тканын клеткалары узундугу 15—500 мкм келип, сүйрү формада болот да, борбору булчуңдун жыйрылышына жараша өзгөрүлүп турат. Клетканын цитоплазмасында эң ичке булчуң талчалары — миофибриллдер же миофламенттер[1] бар.

Скелет булчуң тканы узунунан келген көп борборлуу туура тилкелүү цилиндрге окшоп, учтары учтуу же тоголок болгон талчалардан турат. Жүрөк булчуң тканы целомдук эпителийден мезенхимага айланып, андан миобласттар, жүрөктүн булчуң клеткалары кардиомиоциттер келип чыгат. Кардиомиоциттер булчуң талчаларын пайда кылып, бири-бири менен байланышып турган булчуң талчаларынын торчосун — миокардды түзөт. Жүрөк булчуң тканынын клеткаларынын борбору, талчалардын ортосунда жайланышып, скелет булчуң тканынан айырмаланып турат.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Миофибриллы

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8