Бульдозер - алдында асма калагы (негизги иштөөчү органы) бар трактор же өзү жүрүүчү шасси.

Бульдозер жер казуу, кык чыгаруу, дарак жыгуу, сугат тармагын, көлмө, байламта куруу, аянтты тегиздөө ж. б. жумуштарга колдонулат. Бульдозердин калагы трактордун түртүүчү рамасына бириктирилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.