Бумеранг – аңчылык жана согуш куралы. Аны негизинен австралиялык жергиликтүү уруулар колдонгон. Б. ийри, катуу жыгачтан жасалган, бир учу кыска орок сымал жалпак, экинчи учу узунураак, калак сымал буюм. Бумерангды ыргытканда ыргытуунун ыгына, шамалдын багытына жараша көкөлөп учуп барып, кайра кайрылып келүү өзгөчөлүгүнө ээ. Бумеранга окшогон чокморлор Байыркы Египетте, Түштүк Индияда, Түштүк Батыш Азияда пайдаланылган.

Бумеранг

Колдонулган адабияттар түзөтүү