Бумын каган - туулган жылы белгисиз 553-жылы өлгөн - Түрк каганатынын негиздөөчүсү. Ашина уруусунун башчысы. 6-кылымдын ортосунда Алтайдагы түрк урууларынын союзун Ашина уруусунун чыккан Бумын башкарган. Бумын жакшы жоокер жана мыкты дипломат болгон.
545-жылы жуан-жуандар менен душмандыкта болгон Түндүк Кытай мамлекеттеринин бири менен дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн кийин Бумындын кдыр-баркы көчмөндөр арасында кыйла өскөн. Адегенде Бумын тектеш урууларды бириктирүүнү чечкен. Уруулардын арасынан эң эле жакыны Теле уруусу болгон жана алар дагы жуан-жуандардын эзисүнөн кутулуу үчүн өз алдынча чыгууну чечет. Бирок Бумын Теле уруусунун ниетинтүшүнүп өзүнүн армиясын Алтай тоосунун капчыгайына жайгаштырган. Кол алдында калган Теле уруусу Бумындын камарагына өткөнгө макул болушат. Ошентип 546-жылы Теле уруусу (кытай булактарында 50000 боз үй) келечектеги Түрк мамлекетинин составына кирген. Теле уруусунун отряддары түрк аскерлерин кыйла күчтөнткөн.
Бумын Борбордук Азияга үстөмдүк кылуу үчүн жуан-жуандардын каганы Анахуандын (520-552-ж.ж. башкарган) атаандашы болуп калган. 552-жылы жуан-жуандардын аскерлерин талкалаган. Түрктөрдүн жетекчиси Бумын жуан-жуандардын жогорку титулу "каган"ды алган. Ал эми өзүнүн байтактасын Монголиядага Орхон дарыясынын жээгине көчүргөн. Ошентип Бумын-каган жуан-жуандардын державасынын чалдыбарында пайда болгон жаңы мамлекетти - Улуу Түрк Каганатын башкарган.
Бумын-каган өз элине көз карансыздыкты алып бергенден кийин 553-ж. көз жумган. Ал эми ордуна такка баласы Кара Ысык-Каган олтурган. Улуу Түрк Каганатынын түзүлүшү дээрлик бардык түрк элдеринин кийинки тагдарына чоң таасир тийгизген.

Бумын каган
дастан каган
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бумын каган
Туулган жылы: белгисиз
Туулган жери: Алтай
Ишмердүүлүгү: уруу башчысы

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Биздин Кыргызстан: байыркы мезгилден 19-кылымдын аягына чейин. Популярдуу тарыхый энциклопедия.-Б., 2004. 78-79 б.б.
  • Гумилев Л.Н. Древние тюрки.-М., 1965
  • Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы.-Б., 1994
  • Осмонов О. Дж. История Кыргызстана ( с древнейших времен до наших дней).-Б., 2005