Бурамбек, Бурумбек, Буянбек —"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Музбурчактын уулу. Атасынын ордуна Бузулган Чамбылга кан болот. Семетей менен замандаш катары эпостун экинчи, үчүнчү бөлүмүнүн айрым эпизоддоруна катышат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 77, 312; Курама варианты, «Сейтек». 45).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4