Бургас – Болгариянын чыгышындагы шаар. Бургас облусунун администрациялык борбору. Калкы 196,5 миң (2006). Кара деңиздеги Бургас булуңунун жээгинде жайгашкан. Өлкөдөгү ири деңиз порту (2004-ж. 12,4 млн тонна жүк ташылган). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар катары 17-кылымдан белгилүү. 1903-жылдан порт. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19-20-кылымдын архитектура эстеликтери (Ыйык Кирилл жана Мефодий кафедралуу собору, бир топ чиркөө), Мандрен көлүнүн жээгинде орто кылымдагы чептердин калдыктары сакталган. Балык өнөр жайы илимий-изилдөө институту, университет, музейлер, сүрөт галереясы, акын Пети Дубарованын үй музейи, китепканалар, театрлар, филармония иштейт. Жыл сайын Эл аралык фестивалдар (театр, белгилүү ырлар), көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнир («Гран при» сериясы) өткөрүлөт. Нефть ажыратуучу «Лукойл-Нефтохим» (СССРдин жардамы менен 1963-ж. курулган; 1999-жылдан россиялык «Лукойл» компаниясына өткөн), кеме ремонттоочу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары бар. Вагондор, кабель, үйлөгүчтөр, химиялык каражаттар, курулуш материалдары, канцелярия товарлары чыгарылат. Бургастан 15 км Түндүк-батышта бальнеологиялык-баткак курорту, шаарга жакын токой парктары жана табият резерваттары, Айтос Фракия тургун жайынын калдыктары (5–6-кылым), Ыйык Анастасия аралында Византия монастыры бар. Шаардын аймагындагы деңиз климаттык курорттору: Ахтопол, Несебыр, Поморие, Созопол, Күнөстүү Жээк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү