Бурксер Гавриил Владимирович
Бурксер Гавриил Владимирович (1903-ж. т., УССР, Александрия ш. — 15.06.1978) - советтик илимпоз, 300гигиенист, Өзбек ССРинин эмгеги сиңирген вет. врачы (1948), вет. илимдин доктору (1953), профессор (1959).
Кыргыз ССРинин илимге эмгеги сиңирген ишмери (1974). 1927-ж. Харьковдогу вет. институтун бүтүргөн. 1951-жылга чейин Өзбекстанда ветврач, Жер иштер эл комиссариатында вет. башкармасынын начальниги, Ветеринария илимий изилдөө институтунун директору, 1951-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтунда 300гигиена жана мал чарба кафедрасына башчы. 200дөн ашык илимий эмгеги басылып чыккан. Илимдин 16 доктору менен кандидатын даярдаган. Анын жетекчилиги менен малды тоют-тандырууда синтетикалык элементтерди колдонуу, суунун тазалыгын сактоо ж. б. боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары өндүрүштө пайдаланылууда.
Бурксер Эмгек Кызыл Туу, 2-дараж. Ата Мекендик Согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.