Бурч – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геометриялык фигура. Шоолалар бурчтун эки жагы, ал эми алардын жалпы башталышы анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки бурчтун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар бурчтар (конгруэнттүү) болот. Бурч градус же радиан менен ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып жана жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш бурч. деп аталат. Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль бурч болот . Вертикаль бурчтар өз ара барабар (∠1 жана ∠2, ∠3 жана ∠4). Эгер бурч өзүнүн чектеш бурчуна барабар болсо, анда ал тик бурч делет. Бурчтун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган бурч болот.. Тик бурчтан кичине бурч тар, ал эми тик бурчтан чоң, жайылган бурчтан кичине бурч. кең бурч. болот. Кандайдыр конустук бет менен чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк бурч деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу бур. болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү