Буряттар (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Республиканын жергиликтүү калкы. Иркутск облусунун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу менен Чита облусунун Ага-Бурят автономия округдарында, ошондой эле Түндүк Моңголия жана Түндүк Чыгыш Кытайда да жашашат. Жалпы саны 445,2 миң адам (2002), анын ичинде Бурятияда 272,9 миң адам. Бурят тилинде сүйлөшөт, моңгол жана орус тили да колдонулат. Дини христиан, ошондой эле будда динин жана шаманизмди тутушат. Буряттардын этностук негизин түзгөн айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар биздин заманга чейинки 3-кылымдын башталышында Борбордук Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, түрк жана башка) курамына кирген. 8–9-кылымда Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир бөлүгү болуп, мында курыкан жана байырку-байегу уруулары жашаган. Буряттар 11–13-кылымда Моңгол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык жана маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними жөнүндө алгач моңголдордун «Көңүлдө ыйык сактала турган жомоктор» (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Буряттар 17-кылымдын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын биригүүсүнүн негизинде калыптанган. Бул мезгилде буряттар Жуңгар хандыгынын курамында болгон. 17-кылымдын ортосунда Байкал аймагы Моңголиядан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекеттүүлүгүнүн шартында ар түрдүү топтор жана уруулардын консолидация процесси башталган. 19-кылымдын аягында бурят этносу түзүлгөн. 1921-ж. Ыраакы Чыгыш Республиканын курамында Бурят-Моңгол автономия облусу, 1922-ж. РСФСРдин курамында Бурят-Моңгол автономия облусу, 1923-ж. Бурят-Моңгол АССРи, 1958-ж. Бурят Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы, 1992-ж. Бурят Республикасы түзүлгөн. Буряттар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык менен кесиптенишип, көчмөн турмуштагы буряттар жыгач жана кийизден жасалган алты жана сегиз кырдуу боз үйлөрдө жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири менен жыгачтан жасалган үйлөрдү курушуп, боз үйлөрдү кошумча колдонушкан. Аялдар түрдүү түстөгү кездемелерден кооздолуп жасалган көйнөк кийип, эки өрүм чачына алтын-күмүштөн жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, көркөмдөлүп саймаланган узун көйнөк кийип, белине күмүш кур, ал эми байлар жана нойондор жогорку социалдык абалын күбөлөндүргөн атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары жана жер-жемиштер. Сүттөн жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү