Бурят тили
Бурят тили – бурят калкынын тили. Моңгол тилдеринин тобуна кирет. Бурят тили 4 диалектиге (батыш, чыгыш, төмөнкү уда, сартул-цонгол) бөлүнөт. Бурят адабий тили элдик тилдин негизинде калыптанган. Жазуусу 1931-ж. латын, 1939-ж. орус графикасынын негизинде түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4