Бут менен оордукту көтөрүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер аянтча.
Оюнда таштар жана жип колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Ташты буттун башы менен илип алчу кылып байлап, оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар кимиси өз кезеги келгенде, бир буту менен таш байланган жиптин илмегинен буттун башына илип жерден белгиленген бийиктикке чейин көтөрүп кайра ордука коёт. Оюндун шартын аткарган оюнчулар үчүн таштын оордугун көбөйтүп кайрадан оюндун жеңүүчүсү аныкталгыча уланат. Шартын толук аткарбай калган катышуучулар, оюндун андан кийин өтүшүнө жардам беришет.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Жерден оордукту көтөрүү, колдун манжасы менен жерден оордукту көтөрүү, колду ийбей жерден оордукту көтөрүү, бир кол менен жерден оордукту көтөрүү, кулак менен жерден оордукту көтөрүү, моюн менен жерден оордукту көтөрүү ж. б.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга, жакындоого, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч тарбияланат, оордуктарды көтөрүү ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү