Буулум
Бул барак сөздүн же сөз айкашынын маанилерин келтирип, тийиштүү макалаларга шилтеме берет. Бул жерге макаланын негизги текстинен багытталсаңыз: ал макаладагы шилтемени жана/же бул жерге багытталган баракты оңдоп, Википедияны жакшырта аласыз. Бирок, тийиштүү макала жазыла элек үчүн да бул жерге багытталган болушуңуз мүмкүн. |
Буулум – 1) кымбат баалуу, сейрек кездешүүчү кездеменин бир түрү. «Манас» эпосунда: «Барча, буулум, дүрүйө, баасы кыйын дүнүйө» деп айтылат; 2) кийимдин аталышы. Ичи суусар жана башка баалуу терилер менен ичтелип, буулум менен тышталган, жеңил, жылуу ичик же тон тигилгендиги жоромолдонот. «Каныкей, буурулду берчи минейин, буулумду берчи кийейин», деген саптарда буулумдан тигилген кийим да буулум деп аталары айгинеленет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- * “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4