Буу-газ-баралуу орнотмо – газ жана буу-баралуу циклде жылуулук энергиясын чогуу (комбинациялык) пайдалануучу энергетикалык түзүлмө. Анын буу-баралуу орнотмого салыштырганда артыкчылыгы жумушчу бөлүгүнүн баштапкы температурасы жогору, жылуулук кайтаруусу төмөн экендигинде. Салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу чоң бууну пайдаланганда жылуулук көп бөлүнүп, күч берүүчү орнотмонун пайдалуу аракет коэффициенти кыйла жогорулайт. Орнотмонун биринде жумуш аткаруучу заттар – барага газ менен буу аралаштырылып берилсе, экинчисинде ал заттар аралаштырылбастан, газ абалындагы зат газ барасына жана буу абалындагы зат буу барасына берилет. Биринчи учурда буу-газ-баралуу орнотмонун буу-газ генератору күйүү камерасынан жана бууланткычтан турат. Отунду күйгүзө турган аба көөрүк (компрессор) менен басым астында берилет. Отундун күйүшүнөн чыккан жылуулук менен буу пайда болот жана өтө ысытылып барага берилет. Иштетилген буу газ-суу генераторунда муздатылат. Экинчи учурда күйүү камерасында орнотулган буу генераторунда буу пайда болот да, ал ысыткычтан буу барасына берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү