Буу балкасы – металлды согуп чыңоого арналган кубаттуу урма механизм. Дөшүнүн милдетин аткарган, массивдүү рамага коюлуп, тик орнотулган буу цилиндринен турат. Цилиндрге буу поршендин каалаган жагынан берилиши мүмкүн, ал эми балка поршендин сабынын төмөнкү учуна бекитилет. Балка өйдө көтөрүлөт да, чоң ылдамдык жана зор күч менен төмөн карай катуу түртүлүп, металлды урат. Буу балкасы абдан так башкарылгандыктан, керек учурда өтө акырын урганга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү