Буу барасы, буу турбинасы (латынча turbo – куюн, чимирик, ийик) – суу буусу кеңейгендеги потенциалдык энергияны механикалык энергияга айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч. Буу барасы жумушчу калактар бекитилген дисктүү ротордон, буу киргизүүчү жана чыгаруучу патрубоктуу станоктон, диафрагмадан жана соплодон турат. Дисктер валга бекитилет. Бара иштегенде соплодогу буу кеңейип, калакчалардын айлануу багытын көздөй буунун ылдамдыгы жогорулап, калакты айланып өткөн буунун агымы өзүнүн кыймыл багытын өзгөртөт. Бул учурда калакчаларга аракет эткен күчтөр жумуш аткарат. Буунун кеңейишине жараша буу барасы активдүү жана реактивдүү болуп айырмаланат. Баранын айлануучу бөлүктөрүндө буу үзгүлтүксүз кеңейгендиктен, буу мезгил-мезгили менен кеңейе турган поршендүү буу машинасына караганда буу. барасында механикалык энергия үзгүлтүксүз пайда болуп турат. Ошентип, барада үзгүлтүксүз тез жүрүүчү электр генераторун, аба үйлөткүчтөрдү, аба кысуучу көөрүктү (комирессорду) иштетүүгө колдонулат. Буу бара пайдаланылышына жараша орнотулган жана көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулган (стационардык) буу бара станциясына, көчмө буу бара кемелерге орнотулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү