Бухара вилайети (мурда Бухара облусу) – Өзбекстан Республикасындагы администрациялык бирдик. 1938-ж. 15-январда уюшулган. Аянты 39,4 миң км2. Калкы 1,4 млн (2001), шаар калкы 36%. Облуста 11 туман (администрациялык район), 11 шаар, 3 шаарча бар. Борбору Бухара шаары Облустун аймагы Түндүк-батышка жантайыңкы, дөңсөөлүү (Тамды-Тоо, бийиктиги 922 м; Букен-Тоо 764 м, Кулжуктоо 785 м жана башка), көпчүлүк бөлүгү Кызыл-Кум чөлүнүн түштүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Заравшан өрөөнү жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –5°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ммдей. Башкы дарыялары Заравшан жана Амударыя. Аллювий, шалбаа, саз топурактуу. Бадал, сөксөөл, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Варданзин, Кара-Көл жана Кызыл-Кум коруктары бар. Табигый газ (ири кени Газли; Уралдан Борборго, Ташкент аркылуу Кыргызстанга жана Казакстандын түштүгүнө газ кууру өтөт), нефть казып алынат. Калкынын көпчүлүгү өзбектер, ошондой эле тажик, казак, татар, орус, каракалпак жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. 1 км2 жерге 35 киши туура келет. Жеңил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, жибек түрүү жана башка), тамак-аш (анын ичинде май, шарап) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борбору Бухара шаары Сугат дыйканчылыгы (Аму-Бухара каналы жана башка) өнүккөн. Мал чарба продуктусунун 80%ин көрпө алынуучу кой чарба түзөт. Айыл чарбасынын негизги тармактары: пахтачылык, каракөл коюн асыроо, жибекчилик. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, сүт жана эт багытындагы уй багуу да өнүккөн. Кийинки мезгилде Заравшан өрөөнү облустун жеңил өнөр жайы өнүккөн маданий борборуна айланды. Илгертен келаткан көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, токуу, металлды чегелөө, көркөм карапа) өнүккөн. Эки жогорку окуу жайы, театрлар, тарых, край таануу музейлери бар. Көркөм кол өнөрчүлүктүн борбору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү