Бухарин Николай Иванович

Бухарин Николай Иванович [27.9. (9. 10.) 1888, Москва – 15.3.1938, ошол эле жер)] – саясий жана мамлекеттик ишмер, СССР Илимдер академиясынын академиги (1928). 1905-07-жылдардагы жана 1917-ж. Октябрь революцияларынын катышуучусу. 1918–29-ж. «Правда» гезитинин редактору, ошону менен катар эле 1919–29-ж. Коминтерндин Аткаруу комитетинин мүчөсү. 1929–32-ж. СССР Эл чарбасынын жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү, 1932-жылдан Оор өнөр жай эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү. 1934–37-ж. «Известия» гезитинин редактору. Большевиктердин арасында марксизм теоретиги катары таанылган. 1920-ж. Жаңы экономикалык саясатты колдоп, бирок коллективдештирүүгө каршы чыккан. 1938-ж. репрессияланган, өлгөндөн кийин акталган (1988).

Колдонулган адабияттар түзөтүү