Бухгалтердик баланс (фр. balance – тараза) — субъектинин отчеттук мезгилге чейинки мүлктүк жана каржы абалын мүнөздөөчү документ. Субъектинин бухгалтердик балансы филиал, өкүлчүлүк ж. б. бөлүмдөрүнүн, ошондой эле өзалдынча бөлүнгөн баланса көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш. Бухгалтердик баланс жана анын түшүндүрмө катынын мазмуну менен таризи бир отчеттук мезгилден кийинкисине карай түзүлөт. Бухгалтердик баланста биринчи отчеттук мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн тышкары, отчеттон мурунку мезгилдеги көрсөткүчтөр зарыл өзгөртүүлөр менен кошо келтирилет. Ал өзгөрүүлөрдүн арбири анын түшүндүрмө катында чечмеленип берилүүсү керек. Зарылдыгына жараша статьяларды бөлүштүрүү менен, акча статьялары анын маанисин түшүндүргөн башка маалыматтар менен толукталат.

Бухгалтердик баланс белгилүү айда каражаттардын түрлөрү жана алардын түзүлүшүнүн булактары боюнча акчалай туюнтмада чарбанын каражаттарын жалпы чагылдыруунун жана экономикалык жактан топтоштуруунун жолу болуп саналат.

Каражаттардын түрлөрүн жана алардын булактарын айрым көрсөтүү үчүн бухгалтердик баланс эки бөлүктөн турган жадыбал (таблица) формасында түзүлөт. Анын сол бөлүгүндө каражаттардын түрлөрү жана алардын жайгашуусу келтирилген, ал актив деп аталат, оң бөлүгүндө — пассивинде каражаттардын булактары жана арналышы көрсөтүлөт. Актив менен пассивдин ар бир элементи (каражаттардын түрү же алардын булагы) баланстын статьясы деп аталат.

Бухгалтердик баланстын негизги элементи болуп анын актнвдик же пассивдик статьялары арналган. Активде болсун, пассивде болсун баланстын таблицасында статьяларды жана суммаларды көрсөтүү үчүн колонкалар каралган. Чарбалык каражаттар жана анын булактары баланстын активинде үч бөлүктөн, ал эми пассивинде эки бөлүктөн турат. Бухгалтердик баланстын азыркы колдонуудагы таризи төмөндө көрсөтүлөт. Активдин биринчи бөлүгүндө узак мөөнөттөгү колдонуудагы чарбалык каражаттар чагылдырылат. Бул бөлүктө колдонуусунун узактыгы боюнча негизги каражаттарга тең маанидеги материалдык эмес активдер кошулган, бирок алардын натуралдык формалары болбойт. Булар ЭЭМ (электрондук эсептөө машинасы) үчүн программалар, жаратылыш ресурстарынан пайдалануу укуктары, патенттер ж. у. с. Бул эле бөлүктө бөлөк ишканаларга, акцияларга жана облигацияларга, алардан узак мөөнөткө (бир жылдан ашык) киреше алуу белгиленген узак мөөнөттүү финансылык салымдар берилген.

Баланстын активинин үчүнчү жана пассивинин биринчи бөлүктөрүндө «киреше» жана «чыгашалар» деген статья маалымат үчүн шарттуу киргизилген. Ишкананын ишаракетинин жыйынтыгын кандай болгондугун билиш үчүн биз «Киреше» статьясынан (баланстын пассивиндеги) «Чыгашалар» (баланстын активиндеги) статьясынын көрсөткүчүн кемитишибиз керек. Эгер андан кийин «Кирешенин пайдаланганы» статьясы боюнча сумманы алып таштасак, анда калган бөлүгү бөлүштүрүлбөгөнүн түзөт.

Баланстын активинии I жана II бөлүгүнө жүгүртүү каражаттары киргизилген. Акциядан, облигациядан ж. у. с. кыска мөөнөткө (бир жылга чейин) алынган баалуу кагаздар баланстын активинин III бөлүгүнүн Акча каражаттар статьяларында жайгаштырылган. Уставдык фондко түзүүчүлөрдөн келип түшкөн каражаттар суммасы — өзүнчө статья болуп баланстын активинде жана пассивинде берилген.

Пассивдин I бөлүгүндө көрсөтүлгөн уставдык капитал жана киреше статьяларынын көрсөткүчү жүгүртүү каражаттарынын булактарына тиешелүү. Негизги каражаттардын, бейматериал активдердин, аз баалуу жана тез тозулуучу буюмдардын, калдык наркын баланс боюнча эсептөө үчүн атайын анын активине «Эскирүүсү» деген статьялары киргизилген. Баланстын эсептешүүлөр деген бөлүктөрүндө бюджетке, камсыздандыруу органдарына ж. б. статьяларда эсептелинген, бирок али которула элек суммалар чагылдырылат. Бул каражаттарды ишкана өзүнүн жүгүртүүлөрүнө (которууга чейин) бул сумма чынында ишканага тийиштиги жок болсо дагы убактылуу пайдалана берет.

Баланстын статьяларында көргөзүлгөн суммалардын негизинде утурумдук эсеп-кысапты жүргүзүүгө, тиешелүү счетторду ачууга пайдаланылат. Бухгалтердик баланстын өзгөчөлүгү болуп актив менен пассивдин акчалай жыйынтыктарынын бирдейлиги эсептелет. Бул талап ар кандай ишкананын балансы үчүн милдеттүү болууга тийиш. Ал активде да, пассивде да каражаттардын бирдей массасы, бирок ар түрдүү топто көрсөтүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт: активде — түрлөрү боюнча, пассивде — булактары боюнча. Дал ушуга баланстын наамы негизделген, анткени «баланс» деген сөз барабардыкты, тең салмактуулукту билдирет. Мындан актив менен пассивдин жыйынтыктарын да баланс деген сөз менен белгилешет. Тигил же бул датада чарбанын каражаттарын мүнөздөө менен баланс өткөн мезгилдин ичинде ишкананын бүткүл ишинин натыйжасында түзүлгөн алардын абалын көрсөтөт. Мына ошентип, баланс колундагы каражаттардын түрлөрү жана алардын булактары тууралу эң маанилуу маалыматтарды кучагына алган ишкананын ишинин жыйынтыктары жөнүндө өзүнчө бир отчет болуп саналат.

Булактар түзөтүү