Бухгалтердик экспертиза
Бухгалтердик экспертиза — уюмдун абалын же чарба ишинин кээ бир элементин, ошондой эле кызматчынын аткарган жумушун изилдөө жана мамлекеттик эсеп-кысаптын тактыгын текшерүү жолу. Ал үчүн документ, эсептеги жазуу, теңдем жана отчёт пайдаланылат. Бухгалтердик экспертизага сот, тергөө органдарынын чечими керек. Бухгалтердик экспертизаны каржы, экономикалык жана эсеп-кысап иши боюнча квалификациялуу адис-эксперт аткарат. Бухгалтердик экспертиза иши колдонулуп жаткан мыйзамга, нускамага, усулдук көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
Булактар
түзөтүү- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4