Бухенвальд – немецтик-фашисттик концентрациялык лагерь. 1937-ж. Веймарга (Германия) жакын жерде уюштурулган. 8 жылда 239 миң адам Бухенвальддын туткунунда болуп, 56 миңи өлтүрүлгөн. Алгач немец антифашисттери кармалса, 2-дүйнөлүк согуш учурунда көптөгөн улуттардын өкүлдөрү кармалган жана алар Бухенвальд аймагында жайгашкан немецтик ири өнөр жай ишканаларында иштөөгө мажбурланган. Немпстик «Фау» самолёт-снаряддары даярдалган Бухенвальддын жер астындагы филиалы «Дора» түрмөсүндөгү (Бухенвальддын филиалы) оор шарттар туткундардын массалык өлүмүнө алып келген. Лагерде жашыруун антифашисттик уюм иштеген. 1945-ж. 11-апрелде башталган туткундардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында Бухенвальд кыйратылган. 1958-ж. Бухенвальддын баатырларына жана курман болгондорго арналган эстелик-курулуш комплекси ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү