Буюмдар (укуктa)менчик укугунун булагы болгон материалдык жана интеллектуалдык объекттер. Күндөлүк турмушта «буюм» деген сөз бир нече мааниде колдонулат. Адатта, буюмдар деп жандуу нерселер аталбайт, башкача айтканда мисалы, жылкыны, уйду, итти же башка жаныбарды буюм деп атабайт. Бирок жарандык укукта ал табият предметтери (жер, анын кен байлыктары, жапайы айбандар жана башка) же эмгектин натыйжасы (үй, машина, кездеме, эмерек жана башка) боюнча жарандык укук мамилелери келип чыгат. Буюмдар суюк же газ түрүндө да болот, Мисалы, идиштерге, резервуарларга куюлган суу, газ, жана башка Ошентип, буюмдар жарандык укук мамилелеринин объектиси болуп саналат. Эгер буюм жок болсо, анда менчик укугу, күрөө укугу, соода-сатык, тапшыруу, контрактациялоо, айырбаштоо, тартуу кылуу, карыз берүү, залог, жалдоо, сактоо сыяктуу келишимдерден келип чыккан укуктар да болмок эмес. Буюмдар түшүнүгү укуктук маанисинде товар мааниси менен дал келбейт. Буюмдарга карата адамдардын сатып алуу, аларды тескөө ыкмасы жана чектери жана башка укуктук нормалар менен жөнгө салынат. Буюмдар укугу: кыймылдуу жана кыймылсыз, керектелбөөчү болуп классификацияланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү