Бхопал – Индиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар, Мадхья-Прадеш штатынын администрациялык борбору. Калкы 1,6 млн (2006). Жасалма эки көлмөнүн жээгинде жайгашкан. Темир жол тоому (Дели, Мумбаш, Нагпур шаары менен байланышкан). Аэропорту бар. Шаар жөнүндөгү алгачкы маалымат 11-кылымга таандык. Мечиттер, университет, колледждер (инженердик, токой чарба, медицина жана башка), музейлер (археологиялык, улуттук), оор энергетика жабдуулар заводу, химиялык, кебез-кездеме, тамак-аш, металл иштетүү өнөр жай ишканалары, кол менен кездеме токуу өндүрүшү иштейт. Зер буюмдар жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү