Былжырлуу чел - омурткалуу жаныбарлар менен адамдардын тамак сиңирүүчү, дем алуучу жана жыныстык түтүкчөлөрүнүн ички бетин бут каптап туруучу жука (0, 5 мм ге жакын) чел.

Анын бети бездер бөлүп чыгарган былжырак заттар менен дайыма капталып тургандыктан, Былжырлуу чел деп аталат. Былжырлуу чел негизги, булчуң жана астыңкы былжыр катмарынан турат. Былжырлуу челде кан тамырлары жана нерв түйүндөру бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.