Былиналар орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Б. негизинен 11–16-кылымдарда жашаган тарыхый адамдар менен окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык былиналар жана тарыхый-турмуштук былиналар деп эки топко бөлүшөт. Былиналарда сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, ошондой эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу менен коштолуп турат. Ошондуктан орус былиналары жөнүндө эки түрдүү көз караш бар: 1) сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиңирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп); 2) конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (башкача айтканда Рыбаков). Бул көз караштар былиналардын реалдуу жана тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт жана тереңдетет. Былиналар киев жана новгород былиналары деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моңгол-татарлар менен болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (Мисалы, Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович жана башка). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (Мисалы, «Василий Буслаев», «Садко» жана башка). Былиналарды изилдөөнү В. Г. Белинский баштаган. Н. И. Добролюбов жана башка улантышкан. М. Горький былиналарды жогору баалаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү