Быштак — 1) ириген же иритилген сүттү кайнатканда, сары суусунан бөлүнүп алынган коюу азык. Быштак майлуу, даамдуу жана аш болумдуу келет. Ал бир нече түргө бөлүнөт. Уй же кой-эчкинин ууз сүтүнөн жасалса ууз. Быштак (уузду кайнатып, туз татытып, уютат), ириген сүттөн жасалса иримчик быштак (ириген сүттү сары суусу соолгончо акырын кайнатып, каймак куюп, шекер сээп, бышырат), кой-эчкинин туз кошулган сүтүнөн уютулуп жасалса такта быштак же уюткан быштак. (сүткө сүзмөнүн сары суусун куюп, уютат) деп аталат. Ошондой эле эжигей да быштак азыгына кирет; 2) сүт азыктарын даярдоочу ишканаларда атайын технологиялык жол менен даярдалуучу мүнөз тамак. Быштак майлуу (18%), орто майлуу (9%) жана майсыз кылып даярдалат. Быштакты даярдоодо майлуулугу белгилүү өлчөмдөгү сүт 80°та пастерленип, 32°ка чейин суутулат. Сүт 2 ыкмада уютулат. Биринчисинде 5% сүт кычкыл стрептококктуу уютку кошулуп, 40% түү хлордуу кальций (100 кг сүткө 400–500 г суусу жок туз) жана жумур ферментинин 1%түү эритмеси кошулат. 30–32° температурада сүт 6-8 с уюйт. Даяр массанын суусу сарыктырылат жана ныкталат, кээде центрифуга менен быштакты сары суусунан бөлүүгө болот. Экинчи ыкмада бактериялык уютку гана кошулуп, уютулат. Даяр масса каршы-терши кесилип, 38–40°ка чейин ысытылып, 15–20 мин кармалат. Сары суусу жогоркудай ыкмада бөлүнөт. Майлуу быштакта 15%ке жакын белок, 2,4% кант болот. Бир кг майлуу быштак. алуу үчүн 5,9-6,9 кг майлуулугу 3,0–3,5% сүт керектелет. Анын белогунда адамга керек бардык, анын ичинде алмаштырылгыс амин кислоталары болгондуктан, баалуу азык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү