Бышыктык, бекемдик – материалдын белгилүү шартта жана чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай температураны, магнит, электр жана башка талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү жана кургоосу, физика-химиялык процесстердин ар кандай өтүшү жана башка) талкаланбай жана бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда быштактын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеип, жайылуучулук чеги жана башка критерийлери бар. Бышыктык теориялык, техникалык, конструкциялык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теориялык багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теориялык эсептөөнүн даражасы алп жетишерлик деңгээлде эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү