Бюджет индекси (жашоо наркынын индекси) – материалдык жашоо деңгээлин аныктоочу көрсөткүч. Ал калктын белгилүү бир тобунун керектөө көлөмүн, структурасын мүнөздөөчү товарлардын жана тейлөө кызматынын тиешелүү тобунун наркы жагынан өзгөрүшүн көрсөтөт. Бюджет индексинин тууралыгы индексти эсептөө методуна, типтүүлүгүнө, баа өзгөрүшүн тизмектөөнүн туура жүргүзүлүшүнө байланыштуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү