Бюст (французча buste, латынча bustum – мүрзө үстүндөгү эстелик) – адамдын көөдөнүнөн жогору жагы тартылган жумуру скульптуралык портрет. Бюст алгач Байыркы Египетте жана Байыркы Грецияда пайда болуп, Байыркы Римде калыптанган. Россияда Ф. И. Шубин, С. И. Гальберг, советтик доордо Н. А. Андреев, В. И. Мухина, Н. В. Томский жана башкалардын бюсттук чыгармалары белгилүү. Кыргызстанда Т. Садыков, О. М. Мануйлованын иштери көпчүлүккө таанымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү