Бёртельс Евгений Эдуардович

Бёртельс Евгений Эдуардович (1890-1957) - чыгыш таануу боюнча илимпоз, СССР ИАнын мүчө-корреспондент (1939), Иран ИАнын (1944), Дамаскидеги Араб ИАнын (1955) мүчө-корреспонденти.

1920-жылы Петроград университетинин чыгыш тилдер факультетин бүгүрүп, СССР ИАнын Азияльпс музейине (азыр СССР ИАнын Чыгыш таануу институгу) кирип, өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Фарс, тажик, бир катар түрк тилдеринин тарыхы боюнча эмгектердин автору.

Суфизмди жана суфизм адабияты, Фирдоуси, Низами, Жами жана Навоинин чыгармачылыгын изилдеген. Бертельс иравдык текстология боюнча советтик мектепти түзүп, ага жетекчилик кылган. «Низами» монографиясы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгын алган (1948). Бертельс Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9