Бүбүра (Бүбүйра) Кыдыралиева (1928) Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жер жөнүндө алгачкы маалымат берген инсан. Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. Бүбүра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.[1]

«Чоң-Ташта» болгон кайгылуу окуя түзөтүү

Совет мезгилинде эл арасында эң мыкты эс алуучу жай катары кеңири белгилүү болгон «Чоң-Таш» спорттук-лыжалык базасынын имаратында ХХ кылымдын 30-жылдарында ГПУ-МВДнын дачасы болгон экен. Ал дачанын жанында жардамга келишкен чехтер салган кирпич бышыруучу цех жайгашыптыр.

Бүбүранын атасы Абыкан Кыдыралиев ошол дачада 1932-жылдан 1940-жылга чейин кароолчу болуп иштеген. Бүбүранын эскерүүсү боюнча, 1938-жылы кыш эрте түшүп, суук катуу болот. Ноябрдын баш ченинде Абыкан үй-бүлөсүн шашылыш чогултуп, начальниктер бул жерден тез арада кеткиле деп буйрук кылганын айтып, Кашка-Суудагы досунукуна бир нече күнгө жашай турганы алып кетет.

…1938-жылдын 5–8-ноябры. Ал кезде Фрунзе деген аталыштагы борбордун Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан шаардык түрмө камалгандарга жык толгон. Алардын арасында бир жылдан бери суракта жатышкан Кыргыз ССРинин жетекчилери, кыргыздын кыраан уулдары бар эле. Күн тартибинде мына ошолордун баарын тез арада жок кылыш маселеси турду. Себеби мынча адамды өлтүргөн соң, элге алардын жигин билдирбей, эч кимге көрсөтпөй көөмп салыш керек эле да. Мына ошондо ГПУнун чоңдорунун эсине Чоң-Таш айылынын балдары менен бирге эселек кыз Бүбүра да жашынмак ойноп жүргөн кирпич бышыруучу цех түшөт. Дапдаяр чуңкур[2]

Өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрүн жүк ташуучу машинелерге жүктөп, үстүн брезент менен жаап, түрмөнүн короосунан түндөп алып чыгышат. Чоң-Ташты көздөй бет алган машинелер өтө турган жолдо жайгашкан айыл-кыштактарга (азыркы Таш-Дөбө) милиционерлерден күзөт коюлуп, айыл тургундарына эшикке чыгууга тыюу салынган. Ошонда да адамдар анын айласын таап, жок дегенде жыйылып турган тезектердин далдаасынан тоо тарапты көздөй машинелердин өтүп баратканын көрүшкөн. Ага чейин эл арасында кыргыздарын каймактарын терип атып өлтүрүп, шаардын сыртына алып барып көмүшөт экен деген күбүр-шыбыр сөз жүргөн эле. Үй-бүлөсүн Кашка-Суудагы досунукуна жеткирген Абыкан 2–3 күндө бир жолу, чоңдору чакырганда барып дачадагы чарба жумуштарын бүтүрүп келчү. Кайтып келгенде көңүлү чөгүңкү, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, өзүнчө кападар болуп жүрдү. Арадан 15–20дай күн өткөндөн кийин ал үй-бүлөсүн кайра Чоң-Ташка алып кетмей болду. Кетер алдында ал аялына жана балдарына:

– Үйгө барганда ар кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Силер эч нерсе болбогондой, мурункуңардай эле жүрө бергиле. Эч кимден эч нерсе сурабагыла, ― деп катуу эскертти. Чоң-Ташка жакындаганда эле Бүбүра кирпич цехинин ордуна дөбөчө туруп калганын көрөт. Бала неме, атасынын эртең мененки эскерткенине карабастан:

– Ата, завод кана? ― деп сурайт таң калып.

– Кызым, завод жок. Эч нерсе сурабагыла дебедим беле. Бүбүра, сен баарын билгиң

келген, баары-жокко кызыккан кыз экениңди билем, балам. Бирок, бирөөңөр эле кымындай шек алдырсаңар, мен баш болуп баарыбыз тең өлөбүз. Ошону каалайсыңарбы?.. Биз демибизди ичибизге алып, дым дебей отуруп калдык. Айыл тургундары түнкүсүн кирпич цехинин ордундагы дөбөгө иттер чогулуп келип улушкандарын, айлуу түндөрдө дөңдөн жарык чыкканын көрүшөт. Ошондой учурларда Абыкан бекинип барып куран окуп келгенин, көз жашын токтото албай ыйлаган кездерин, деги эле кулк-мүнөзүнүн өзгөрүлүп кеткенин үй-бүлөсү байкайт. Жаз келип, күн жылый баштаганда баягы дөбөдөн адам чыдап тура алгыс жыт чыга баштаган…

Бул жерде кандайдыр-бир сыр бар экенин купуя сезген Бүбүра атасынан болуп жаткан кубулуштардын себептерин сурай берет, бирок атасы баягы эле коркуткан сөзүнөн бөлөк эч нерсе айтчу эмес. Ошентип арадан бир топ жылдар өтөт.

1973-жылы Абыкан карыя өлүм алдында жатып кызы Бүбүрага сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди эч кимге айтпай же көрсөтпөй кетип баратканына өкүнгөнүн айтат:

–   Кызым, ал жерди сен гана билесиң. Кудай буюрса, заман өзгөрөр, ошондо жазыксыз шейит кеткендердин бала-чакасына, коомчулукка билдирип айт. Менин мойнумда карыз болуп калбасын, ушул аманатымды сага тапшырдым, кызым…[3]

Болот Абдрахманов менен жолугушуусу түзөтүү

1991-жыл… «Кайра куруу» жүрүп турган кез. Ошондо эми мезгили келди окшойт деген ойдо Бүбүра эже сталиндик репрессиянын бейкүнөө курмандыктары көмүлгөн жайды көрсөтүп бере ала тургандыгы жөнүндө Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) билдирет. А бирок, биринчиден, КГБнын архивдик документтеринде репрессиялангандар көмүлгөн жайлар көрсөтүлгөн эч кандай маалымат болбогондуктан, экинчиден, Кыргызстандын КГБсы ошол кезде Москвадагы коогалаңдуу ГКЧПны колдогондуктан, анын жетекчилиги бул билдирүүгө анчалык деле маани берген эмес. Анткени эски системаны колдогон коммунисттер кайрадан бийликке келип калышса, репрессия темасын көтөрүп чыгуунун зарылдыгы жок экени айгине иш да.

Бүбүра Кыдыралиева Чоң-Таштын кандуу сыры тууралуу башка чоң кызматкерлерге, шейит кеткендердин балдарына да кат жазып билдирет. Бирок ага эч ким ишенбейт. Репрессиянын курмандыктары ушул борбор шаардын айланасына эле көмүлүптүр деген каңшаар эл арасында мурдатан эле айтылып жүргөнү менен, анын так ордун эч ким айта алган эмес. Ошондуктан Бүбүра эжеге ал кайрылгандардын эч кимиси ишенбей, көңүлкош болуп коюшат. Ошондо дагы, бир жагынан, атасынын керээзин аткарыш үчүн, экинчи жагынан, эселек кезинде өз көзү менен көргөндөрүнө ынангандыктан, үчүнчүдөн, адамдык парзын орундатыш үчүн Бүбүра Кыдыралиева бул ишти аягына чыгарууну көздөйт.

Ошондой ойдо жүргөн учурунда КГБнын кызматкери капитан Болот Абдрахмановго уш болуп калат. Сөөктөр көмүлгөн жерлерди издөө жана изилдөө анын иш-милдетине кирбесе дагы, Бүбүра эженин айткандарына ынанган капитан Абдрахманов өз ыктыяры менен Чоң-Таштын сырын ачууга киришет. Ошентип 1991-жылы апрель айында КГБнын кызматкерлери Бүбүра Кыдыралиевага жолугушуп, Чоң-Ташка барышат. Бүбүра эже айылдын жогору, тоо тарабындагы баягы кирпич бышыруучу цех бастырылган дөбөнү көрсөтүп берет.

Казуу иштери 1991-жылдын июнь айында жүргүзүлөт. Чоң-Таштын каргашалуу кандуу сыры ачылып, бул массалык көмүү 1938-жылгатаандык экендиги далилденди.

Сыйлыктар түзөтүү

Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Кыдыралиевага “Эрдик” медалы берилген.

Шилтемелер түзөтүү

Санжи Туйтунова. "Ата-Бейит" - улут каймактары жаткан жер. Азаттык, 6-Март, 2013

MEDIAMANAS. Мезгил. Инсандар. Окуялар. Бүбүра Кыдыралиева.

Булактар түзөтүү

  1. Хелимская Р. И. Тайна Чон-Таша. – Б.: «Илим», 1994
  2. Р.Т. Айтматова. Тарыхтын актай барактары. – Б.: «Бийиктик», 2007.
  3. Элебесова А. «СССРдеги саясий репрессиялардын жана эрксиздикке каршылык көрсөтүүнүн тарыхы» темасы боюнча өтүлүүчү кароо-сабактын конкурсу.