Имаго. Гравюра бүргө «Микрографии» Р. Гука (1665).
Бүргөнүн личиникасы.

Бүргө (лат. Siphonaptera — байыр.-грек. σίφων — соркыскыч, ἄπτερον — канаты жок. Синоним лат. Suctoria, лат. Aphaniptera)— кан соргуч майда жандык; сүт эмүүчүлөрдүн, куштардын жана кишинин митеси. Ар кандай жаныбарлардын (мышык, ит жана башка) каны менен азыктанып, алардын бир катар коркунучтуу ооруларынын (кара тумоо, баш келте жана башка) козгогучтарың кишиге жуктурат.

Бүргөлөрдүн шилекейи дүүлүктүрүүчү таасирге ээ. Денеси капталынан кысыңкы келип, ээсинин жүнү жана канатынын арасында жылып жүрүүгө жакшы ыңгайланган, буттарынын арткы түгөйү жакшы өөрчүп, секирүү кызматын аткарат.

Бүргөлөрдүн айрым түрү — жаныбарлардын белгилүү бир түрүндө, кээси ар кандай түрүндө мителик кылат. Алардын 1000 ден ашык түрү бар. Турак жайда жашап, кишини чаккан бүргөлөр эпидемиологиялык мааниге ээ. Бүргөлөр имараттагы кургак чаң жана таштанды, тактайдын жаракалары жана башкаларда жашайт жана көбөйөт. Айрым түрлөрү 1000 күнгө чейин жашайт. Аны жоготуу үчүн алардын көбөйүшүнө шарт түзбөө, жаныбарларды мезгил менен зоошампунь, СЛ-7 самыны же пиретрум менен жууп туруу керек. Үйдүн ичиндеги бүргөлөрдү жоготуу үчүн ар кандай дары-дармектер — пиретрум, ДДТ, хлорофос, карбофос жана башка инсектициддер пайдаланылат. Бурч-бурчтарына эрмен коюлган үйгө бүргөлөр жолобойт, эрмен шыпыргы менен үйдү шыпыруу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8