Бүркүт свитасы -Тянь-Шань тоолорунун кембрий жана ордовик мезгилинин башында пайда болгон тоо тек катмарлары.

Тескей Ала-Тоо, Сары-Жаз, Көөлү кырка тоолорунда кеңири таралган. 1940-ж. П. А. Грюше аны өзүнчө геологиялык свита катары бөлүп, Тескей Ала-Тоосундагы Бүркүт ашуусунун аты менен атаган. 1962-ж. М. М. Адышев, К. Е. Калмурзаев, В. Г. Королёвдор тактап, андан бир нече свита ажыратылып, көлөмү өзгөртүлгөн.

Кийинки бөлүү боюнча Бүркүт свитасынын астыңкы бөлүгү кремнийлүү, көмүртек-чополуу, көмүртек-чопо кремнийлүү сланецтерден, ортоңку бөлүгү доломиттешкен жана таза аки таш тегинен, үстүңкү бөлүгү кремнийлүү, көмүртек-чопо кремнийлүү, көмүртек-чополуу сланецтерден түзүлгөн. Тоо тектердин өңү күңүрт боз, кара. Калыңд. 530-300 м. Свитада трилобиттер, брахиоподдор жана башкалардын калдыктары табылган. Свита менен сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу болгондуктан анын эл чарбасында мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.