Бүткүл дүйнөлүк эможи күнү

Эл аралык эможи күнү — Жыл сайын 17-июлда белгиленүүчү расмий статусу жок майрам, бирок интернет тармагында кеңири колдонулуп, майрамды белгилешет. Заманбап технологиялардын өнүгүшү менен интернеттеги жазууларда адамдын ички дүйнөсүндө болуп жаткан бардык эмоцияларды, адамдын оюн толук жеткирүүдө көмөкчү болгон быйтыкчаларды күнү 2014-жылдан бери белгиленип келет. "Эможи " - япон тилинен которгондо "сүрөттөгү сөз" дегенди түшүндүрөт. Бул 1990-жылы "NTT Docomo Шигета Курита" коммуникациялык компаниясынын кызматкерлери тарабынан пейджер үчүн иштелип чыккан. Убакыттын өтүшү менен быйтыкчалар уюлдук телефондорго көчүрүлүп смс-билдирүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү катары колдонула баштаган.